Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

А.Турсуналиев  Ивановка №2 орто мектебинин

АННОТАЦИЯСЫ 

Мектеп 1969-жылы курулуп, Ысык – Ата районундагы Ивановка бекетинин Некрасов көчөсүндө жайгашкан. Имарат 3 кабаттан турат, өзүнчө спорт залы , актовый залы бар, ашканасы жок, капиталдык ремонт болгон эмес.

2010 жылга чейин орус жазуучусу А. Гайдардын наамында иштеп келген, 2010 жылдан кийин апрель коогаланында каза болгон мекендешибиз А. Турсуналиевдин наамына которулду.

Мектептин Уставы № 86962-3308-М-Е 21 ноябрь 2011ж. түзүлгөн.

Директору Аширалиева Динара Адамкалиевна,2008 жылдан бери иштейт, директордун стажы – 13 жыл, жалпы стажы – 37 жыл, орун басарлары:

  1. Окуу тарбия иштери боюнча  – Тилекматова  Г.С.  завуч  болуп  иштеген стажы   23 жыл, жалпы стажы  37 жыл.
  2. Тарбия иштери боюнча – Жолдошалы к.Б. завуч – 1 жыл,жалпы стажы — 5 жыл.
  3. Соцпедагог Убакеева К. 1.09.2016 жылдан бери иштейт.
  4. Пед.жааматта 44 мугалим иштейт.

Жогорку билимдүү – 41

Кесип боюнча адистер – 44

Магистратураны бүткөн – 1

Атайын – орто- 2

Техперсоналдар- 21 киши.

Акыркы 3 жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн саны:

2017-2018 окуу жылында – 118 окуучу бүттү, анын ичинен 9 кл. бүткөнү -75 окуучу.

2018-2019 окуу жылында – 125 окуучу бүттү, анын ичинен 9 кл. бүткөнү -93 окуучу.

2019-2020 окуу жылында – 145 окуучу, анын ичинен 9 кл. бүткөнү -105 окуучу.

Китепканада 10.753 китеп бар, анын ичинен 5283 – окуу китептери.

Жалпы окуучулардын саны:

Жыл башында – 661

Балдары – 335

Кыздары – 326

Класс комплекти — 31

 

Мектептин стратегиялык максаты:

 

  1. Инсанга багыттап билим берүүнүн негизинде окуучулардын билим сапатын көтөрүш үчүн жаңы окутуу технологияларын киргизүү.

 

  1. Мугалимдердин кесиптик устаттыгын өркүндөтүү үчүн шарт т үзүү , материалдык – техникалык базасын билим берүү тармагында чыңдоо

 

 

  1. Окуучуларга кошумча билим алуу шарт түзүү, ата энелерди ата энелерди кызматташтыкта иштөөгө  тартуу.

 

2020 – 2021 окуу жылында чечилүүчү маселелер:

 

  • Формативдик баалоону жана интерактивдүү усулдук ыкмаларды билим берүү үчүн колдонуусу

 

  • Англис тилин ,кыргыз тилин,тарых,биология,математика сабактарын өздөштүрүүдө окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

 

  • Усулдук бирикмелерге методикалык көмөк көрсөтүүнү өркүндөтүү.

 

 

 

 

Мектептин өнүгүү планы:

 

  • Китепкананын фондусун толуктоо
  • Бардык компьютерлерди интернетке туташтыруу
  • Мектеп имаратын жакшыртуу
  • Садовое айылындагы филиалды толук ремонттоо
  • 3 класс —  кабинетти эмерек менен камсыздоо
  • Спорт аянтчасын оңдоо
  • Мектеп имаратынын чатыржасын толук кайра жабдылоо
  • Окуу китептеринин жетишпегенин спонсорлордун жардамы менен толуктоо

 

 

 

 

 

 

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

  • Мектептин аннотациясы
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Разные цвета